ЖАРМА-САЙ ЧОПО КЕНИ
ЖАРМА-САЙ ЧОПО КЕНИ – Баткен облусунун Лейлек районунда, Сүлүктү шаарынан 4 км батышта, деңиз деңгээлинен 1120–1319 м бийикте жайгашкан. 1968–69-жылдарда Түштүк Кыргыз геологиялык экспедициясы чалгындаган. Кен эки аянтка бөлүнөт. Биринчи аянт төртүнчүлүк мезгилде пайда болгон кумайлуу топурактан турат. Кумайлуу топурактын астында шагыл жатат, үстү 0,3–0,5 м калыңдыктагы кыртыш м-н жабылып турат. Кумайлуу топурактын калыңдыгы 3,0 мден 18,0 мге чейин өзгөрөт, орточосу 8,3 мди түзөт. Кумайлуу топурак лёсс сымал, өңү саргыч-боз түстө. Экинчи аянт палеоген мезгилинде пайда болгон чоподон түзүлгөн. Чопонун өңү саргыч күрөңдөн кызылга чейин өзгөрөт, сууда начар жумшарат, гипстүү. Узундугу 1000–1100 м созулат, калыңдыгы 30 мден 56 мге чейин өзгөрөт. Аймактын кумайлуу топурагына, экинчи аймактын чопосунан 20% кошсо, «75» ж-а «100» маркасындагы кыш даярдоого жарайт. Кумайлуу топурактын бекитилген запасы: В – 920 миң м3, С1–1415 миң м , С2– 842 миң м . Чопонуку В – 207 миң м3, С –128 миң м3.