ЖАРЧЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖАРЧЫ – Улуу Октябрь революциясынан мурда Орто Азия элдеринде, анын ичинде кыргыз элинде да хан, бек, болуш сыяктуу жергиликтүү башкаруучулардын буйругун, жардыгын эл кыдырып, чогулган топко жарыялоочу киши. Жарчы аш-той же кыз-оюну башталарда анын тартиби, жүрүшү, көрсөтүлүүчү оюндун түрү, байгеси жөнүндө жарыя кылган. Ошондой эле жок жоготкондо да (мал, буюм жана башкалар) жарчы атайы эл аралап, жар салган. Жарчы элге адатта ырдап, жамактап, кээде кара сөз менен кайрылган. Кийинчерээк анын милдетин көбүнчө ырчылар аткарып, ошондон улам аш-тойго байланыштуу айтылган жарыя кээде көркөм чыгарма деңгээлине жеткен учурлар болгон. Жарчы өз доорунда карым-катнаш, байланыш жасоодо чоң милдет аткарган.