ЖАРЫКТЫН ЖУТУЛУШУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖАРЫКТЫН ЖУТУЛУШУ – жарык чөйрө зат аркылуу өткөндө анын чөйрө бөлүкчөлөрү м-н өз ара аракеттенүүсүнөн ургаалдуулугунун азайышы. Оптикалык т у н у к заттар жарыкты начар жутуучу, ал эми т у н у к э м е с т е р жарыкты жакшы жутуучу заттар деп аталат. Жарыктын жутулушу заттын ысышы, иондошуусу же атом, молекулалардын дүүлүгүшү, фотохимиялык процесс м-н коштолот. Жарыктын жутулушун тажрыйбада франциялык илимпоз П. Бугер (1729), теориялык жактан немец илимпоз И. Ламберт (1760) изилдеген. Жарыктын жутулушу Бугер – Ламберт закону м-н аныкталат: I=I e–kλd, мында нерсеге түшкөн ж-а жутулган жарык ички чагылуу кубулушуна негизделген.