ЖАРЫКТЫН ЧАГЫЛЫШЫ
ЖАРЫКТЫН ЧАГЫЛЫШЫ – эки чөйрөнүн чек арасына түшкөн жарыктын ал келген чөйрөнү көздөй кайра таралышы. Ал үчүн биринчи чөйрө тунук болушу керек. Ж. ч-нын натыйжасында ал чагылган бет көзгө көрүнөт. Чагылган жарыктын ургаалдуулугунун (интенсивдүүлүгүнүн) мейкиндикте бөлүнүшү чектеги беттин тегиз эместиги η м-н түшкөн жарык толкунунун узундугунун λ салыштырмалуу чоңдугуна жараша болот. Эгерде η≥λ болсо, к ү з г ү д ө н ч а г ыл у у болот, б. а. түшкөн нур жарыктын чагылуу законуна баш ийип, бир багытка чагылганда, түшүү бурчу чагылуу бурчуна барабар болот. Эгерде η≈λ болсо, беттин тегиз эместиги толкун узундугуна салыштырмалуу тең болсо же андан ашып кетсе (бодурлуу бет, күңүрт бет), анда
чагылган жарык д и ф ф у з и я л у у болот.
Жарыктын диффузиялуу чагылуусу, тегиз эмес бетке түшкөн жарыктын ар кандай бурчтарга
чачырашына алып келет. Ушундай эле чачыроо чөйрөнүн ички бир тектүү эместигинен да болот. Эгерде чектеш эки чөйрө тең тунук болсо ж-а жалпы чеги жалпак болсо, анда түшкөн Ж. ч. жарыктын сынуу ж-а чагылуу законуна баш иет (к. Жарыктын сынышы). Эгерде η≥λ
болсо ж-а бул тегиз эместиктер кандайдыр бир иреттүү жайгашса, чагылган жарыктын ургаалдуулугу дифракциялык торчонукуна окшош болот. Ж. ч. беттин чагылтуу жөндөмдүүлүгү, чагылтуу коэфф., б. а. беттен чагылган ж-а ага түшкөн жарык агымдарынын катышы м-н мүнөздөлөт. Ж. ч. табиятта көп кездешет ж-а турмушта мааниси зор. Ж. ч. оптикалык алеттерди (приборлорду) жасоодо ж-а ил.-из. иштеринде кеңири колдонулат.