ЖАРЫК ДИСПЕРСИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАРЫК ДИСПЕРСИЯСЫ – заттын сынуу көр­сөткүчүнүн n жарык толкунунун жыштыгына ν (толкун узундугуна λ) көз карандылыгын мү­нөздөөчү кубулуш. Жарык дисперсиясынын негизинде ак жа­рык нуру үч кырдуу призмадан өткөндө, спектр­лерге ажырайт (к. Оптикалык спектр). Бул спектрди изилдөө м-н И. Ньютон жарык дисперсиясын ачкан (1672). Тунук заттардын сынуу көрсөткүчү (n) жарык толкунунун жыштыгына (ν) түз, тол­кун узундугуна (λ) тескери пропорциялаш, ал спектрдеги түстөрдүн жайгашышын шарттайт; nдин λга болгон көз карандылыгы к а д и м ­к и жарык дисперсиясы деп аталат. Заттын жарыкты жутуу тилкесине жакындаганда λ м-н nдин өзгөрүшү татаал болот. Затта жарыктын сынышы жа­рыктын фазалык ылдамдыгынын өзгөрүүсүнүн натыйжасында болот. Мындай учурда заттын сынуу көрсөткүчү (n) төмөнкү формула м-н аныкталат: n=с ⁄ сф, мында сф– жарыктын бе­рилген аралыктагы фазалык ылдамдыгы, с – вакуумдагы жарык ылдамдыгы. Жарыктын электр-магниттик теориясы боюнча сф=с/εµ, мын­дагы ε – диэлектрдик өткөрүмдүүлүк, µ–магнит­тик өткөрүмдүүлүк. Тунук заттардагы жарык дисперсиясы спектр алеттерин (приборлорун), ахроматтык линза жасоодо колдонулат.