ЖАРЫК ДИФРАКЦИЯСЫ
ЖАРЫК ДИФРАКЦИЯСЫ – жарык толкунунун жолунда кезиккен тоскоолдукту айланып өтүү ж-а таралуу багытын өзгөртүү кубулушу. Дифракция жаратылыштагы толкундарга тиешелүү кубулуш болгондуктан, жарык дифракциясы жарыктын толкундук касиетинин пайда болуу ж-а геометриялык оптикага өтүү шарттары м-н тыгыз байланыштуу. Бул кубулушту 17-кылымда италиялык физик ж-а астроном Ф. Гримальди ачкан. Ал эми жарык дифракциясы теориясын француздук физик О. Френель түзгөн (1816). Бул теория Гюйгенс-Френель принцибине негизделген ж-а жарыктын мейкиндикте таралышын түшүндүрөт. Бирок бул принцип мейкиндиктин ар кандай чекитиндеги жарыктын ургаалдуулугун табууга мүмкүнчүлүк бербейт. Мындай кыйынчылыкты Френель зоналык тилкелер ыкмасын колдонуп чечкен. Мисалы, чекиттик булактан чыккан жарык тешикче (сүрөт а) же тунук эмес тегерек нерсе (сүрөт б) аркылуу өткөндө, экранда жарык ж-а караңгы тегерек сүрөттө-

лүштөр байкалат. Эгер тешикчеге френель зонасынын жуп саны сыйса, дифракциялык сүрөттөлүштүн борборунда кара так, ал эми так сан сыйса, жарык көрүнөт. Көпчүлүк спектр алеттеринин (телескоп, микроскоп) иштеши жарык дифракциясына негизделген. Лазердин пайда болушу жарык дифракциясын туура ж-а кеңири түшүндүрүүгө көмөкчү болду.