ЖАРЫК ИНТЕРФЕРЕНЦИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАРЫК ИНТЕРФЕРЕНЦИЯСЫ – эки же бир нече жарык толкундары кабатталганда, жарык энергиясынын мейкиндикте кайра бөлүштү­рүлүшү, башкача айтканда алардын ургаалдуулугунун (интен­сивдүүлүгүнүн) күчөшү ж-а басаңдашы. Жарык интерференциясы эк­ранда же башка бетте жарык же караңгы тил­келер түрүндө байкалат. Когеренттүү толкундар гана жарык интерференциясын берет. Жарык интерференциясын алгач И. Ньютон бай­каган, бирок ал өзүнүн корпускулалык теория­сы м-н бул кубулушту түшүндүрө алган эмес. 19-кылымдын башында англиялык окумуштуу Т. Юнг ж-а франциялык физик О. Френель жарык интерференциясын толкун кубу­лушу иретинде түшүндүргөн. Жарык интерференциясы нурлардын толкун узундугун өлчөөдө, заттардын спектр сы­зыгын, тыгыздыгын, сынуу көрсөткүчүн, опти­калык нерселердин сапатын ж. б. аныктоодо колдонулат. Интерференция кубулушунун не­гизинде оптиканын жаңы тармагы голография өнүгүүдө.