ЖАРЫК ЧОҢДУКТАРЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖАРЫК ЧОҢДУКТАРЫ – нур энергиясынын көзгө таасир этиши б-ча жарыктын нурлануу, таралуу ж-а кайра жаралуу (чагылуу, өткөрүү ж. у. с.) процесстерин аныктоочу чоңдуктар. Көрүү сезими нур энергиясынын кубаттуулугуна ж-а спектрдик курамына жараша өзгөрөт. Алар жарык булагын жарык чыгаргыч катары мүнөздөйт. Негизги жарык чоңдуктары– жарык агымынын көрүү сезимге таасири боюнча аныкталуучу нур энергиясынын кубаттуулугу. Аны ченөө бирдиги – люмен. Жарык агымынын белгилүү убакыттагы таасири жарык энергиясын аныктайт. Бул эки негизги чоңдукту жарык чыгаруучу нерсенин аянты, жарык түшкөн бет ж-а көлөмдүк бурчтун чоңдугу м-н байланыштырып, жарыктануучулук, жарык күчү, жаркырактык сыяктуу жарык чоңдуктарын аныктоого болот.