ЖАРЫК ЫЛДАМДЫГЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАРЫК ЫЛДАМДЫГЫэлектр-магнит тол­кундарынын таралуу ылдамдыгы. Жарык ылдамдыгы ва­куумда с=299792458±1,2 м⁄сек≈3⋅108 м/сек (1980).
Бул сан – физикадагы фундаменталдуу турук­туу чоңдуктардын бири. Жарыктын табияты адам баласын ал дүйнөгө пайда болгондон тар­тып кызыктырган. 18-кылымдын аягына чейин жарык ылдамдыгы чексиз чоң деген ой кеңири колдонулган. Клас­сикалык механиканын (Ньютон теориясынын) негизги жоболорунун бири катары жарык ылдамдыгы чек­сиз деп алынат. Жарыкты өзгөчө чөйрө – эфир­де таралуучу толкун деген көз караш көпкө че­йин өкүм сүрүп келген. Бирок 18-кылымдын орто­сунда франциялык физик Физо (1849) ж-а 19-кылымдын ба­шында америкалык физик Майкельсон (1926) тажрый­балардын негизинде жарык ылдамдыгы с=299796±4 км/сек­га барабар экендигин аныктаган (эң акыркы тажрыйбаларда такталган жарык ылдамдыгы с=299792,4562± ±0,0011 км/секга барабар). Жарык ылдамдыгы чексиз эмес­тиги физикадагы теорияларды ж-а көз караш­тарды кайрадан карап чыгууга мажбурлады. Натыйжада Эйнштейндин салыштырмалуулук теориясы түзүлүп, Максвеллдин электр-магнит­тик кубулуштар теориясынан жарык электр­магниттик толкундун көзгө көрүнүүчү диапазо­ну экендиги аныкталган.