ЖАРЫК ЭТАЛОНДОРУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖАРЫК ЭТАЛОНДОРУ – жарыкты жогорку тактыкта өлчөөчү, бирдиктерди сактоочу ж-а салыштыруучу чендер. Жарык өлчөөнүн бирдейлигин камсыз кылат. Негизги ж-а туунду жарык эталондору болуп каралат. Негизги жарык ылдамдыгы болуп жарык күчүнүн бирдиги кандела (кд) колдонулат. Ал платинанын катуулануу температурасында абсолюттук кара нерсенин касиеттерине ээ. Анын жаркырактыгы 6⋅105 кд/м2. 1979-жылдан баштап эл аралык жарык стандарттоо комитетинин чечими боюнча канделага жаңы аныктама берилген. Кандела – СИдеги негизги бирдиктердин бири. Туунду жарык эталондорунда жарык агымынын, жарыктаныштын ж. б. чоңдуктардын бирдиктерин камсыз кылуучу, ар түрдүү түзүлүштөгү ж-а температурадагы электр лампаларынын тобу колдонулат.