ЖАРЫК ӨТКӨРГҮЧ
ЖАРЫК ӨТКӨРГҮЧ – жарыкты багыт боюнча өткөрүүчү же берүүчү жабык түзүлмө. Ал ортосунда, ички радиусу r1, cынуу көрсөткүчү n1 болгон оптикалык тунук диэлектрдик жипченин сыртына сынуу көрсөткүчү n2, радиусу r2 болгон диэлектрик м-н капталган узун система түрүндө болот. Мындай системанын ички бөлүгү аркылуу жарыктын таралышы жарыктын толук ички чагылуу кубулушуна негизделген. Бул кубулуш мурдатан эле белгилүү болгон. Бирок
1990-жылдан баштап, ийилгич ж-а оптикалык тунук диэлектриктерди жасоо технологиясынын пайда болушу, аталган кубулуштун колдонулушунун дүркүрөп өсүшүнө алып келген. Мындай ичке жипченин диаметри бир мкмден жүздөгөн мкмге жетиши мүмкүн. Диэлектриктердин ички диаметрин, сынуу көрсөткүчтөрдүн айырмасын (n1–n2 ) тандоо м-н бир эле жипче аркылуу бир же бир нече типтеги толкундарды (модаларды) таркатууга болот. Лазер, жарык күчөткүч ж. б. элементтердин пайда болушу, мындай жарык өткөргүчтүн оптикалык байланыш системаларын түзүүдө, компьютерде, медицинада, эң чоң кубаттуулуктагы лазер нурларын тиешелүү жерлерге жеткирүүдө ж. б. максаттарда кеңири колдонулууда.