ЖАРЫМ АРАЛ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАРЫМ АРАЛ – кургактыктын деңизге же дарыяга кирип, үч тарабынан суу м-н курчалып турган бөлүгү. Жарым арал пайда болушу боюнча мате­риктик (башкача айтканда тектоникалык курамы боюнча материктин бир бөлүгү), өз алдынча пайда болгон (өз ал­дынча түзүлүп, кийин кургактык м-н туташып калган жарым арал, мисалы, Индстан жарым аралы), аккумуля­циялык (суу бетинин түрдүү деңгээлинде тол­кундун аракетинен пайда болгон жарым арал, мисалы, Каспий деңизиндеги Бозочу жарым аралы) болуп бөлүнөт.



Жаңы Зеландиянын Түштүк аралындагы Кайкура жарым аралы.

Кыргызстандагы ири жарым аралга Ысык-Көлдөгү Тасма, Чолпон-Ата, Кара-Булуң жарым аралдары кирет.