ЖАРЫМ ЧӨЛ ЗОНАЛАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАРЫМ ЧӨЛ ЗОНАЛАРЫ – кургактыктагы жарым чөл ландшафты үстөмдүк кылган жара­тылыш зоналары. Мелүүн алкактардын чөл ж-а талаа зоналарынын, тропик алкактарынын чөлү м-н саванналарынын (чөлдөшкөн саванна­ларынын) аралыгындагы өтмө абалды ээлейт. Антарктидадан тышкары бардык материктер­дин океанга жакын батыш ж-а ички бөлүктө­рүндө кеңири тараган. Ага кургак континент­тик климат мүнөздүү; жаан-чачындын жылдык өлчөмү 300 ммден ашпайт (буулануудан 3–6 эсе аз). Жайы ысык (абанын орт. темп-расы 20– 25°С, тропиктерде 30°С), кышы Түн. жарым шар­дагы мелүүн алкактарда суук (январдын орт. темп-расы 0°Сден төмөн, айрым жеринде –20°Сге жетет); андан төмөнкү кеңдиктерде жылуу (суб­тропиктерде 0–10°С; тропиктерде 12–20°С). Агын суулары чакан, айрымдары кургакчыл мезгил­де, адатта, соолуп калат. Топурактардан ачык каштан, коңур, бозомук-күрөң, боз топурактар басымдуу; айрым жеринде шортоң топурактар, көчмө кумдар кездешет. Өсүмдүктөрү, адатта, суйдаң, анда кылкан-шыбактуу (Евразияда) көп жылдык өсүмдүктөр ж-а бадалдар (башка кон­тиненттерде) басымдуу. Кышында ж-а кургак­чыл мезгилде өсүмдүк вегетациясы тыныгат.
Мелүүн алкакта Ж. ч. з. Азияда кеңири тара­ган; ал Каспий бою ойдуңунан Чыгыш Кытай­га чейин 10 миң кмге созулат. Субтропик алка­гында текши тилкени түзбөйт, көбүнчө тайпак тоолорго ж-а айрым тоо массивдерине гана мү­нөздүү. Африканын тропиктик бөлүгүндө (Саха­радан түштүктө жайгашкан чөлдөшкөн саван­на), о. эле Түш. Америкада ж-а Австралияда кездешет. Өсүмдүктөрү табигый жайыт, сугат жерлери – оазистери ж-а дарыя өрөөндөрү дый­канчылыкта пайдаланылат.


Ад.: Федорович Б. Ф. Лик пустыни. М., 1950; Ба­баев А. Г. Пустыня как она есть. М., 1980; Бабаев А. Г., Дроздов Н. Н., Зонн И. С., ж. б. Пустыни. М., 1986; Притула Т. Ю., Ерёмина В. А., Спрялин А. Н. Физи­ческая география материков и океанов. М., 2004.