ЖАРЫМ ШАРЛАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАРЫМ ШАРЛАР , Ж е р ж а р ы м ш а р л а­р ы – Жер шарынын сфералык бетинин кан­дайдыр бир белгилер боюнча ажыратылган эки бөлүгү. Экватор аркылуу Т ү н д ү к ж-а Т ү ш ­т ү к, меридиан (160° чыгыш ж-а 20° батыш узундугу) б-ча Б а т ы ш ж-а Ч ы г ы ш жарым шарга бөлүнөт. Океан же кургактыкты ээлеши боюнча О к е а н­ д ы к жарым шарларга (ортосу Жаңы Зеландиянын түн.-чыгыш тарабы болуп эсептелет) ж-а М а т е ­р и к т и к жарым шарга (ортосу Франциянын түндүк- батышы) ажыратылат. Кыргызстан Түндүк жарым шарда 39°15′ м-н 43°16′ түндүк кеңдиктердин, 69°15′ м-н 80°18′ чыгыш узундуктардын аралыктарын­да жайгашкан.