ЖАРЫМ ӨТКӨРГҮЧТҮҮ ЭЛЕКТРОНИКА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАРЫМ ӨТКӨРГҮЧТҮҮ ЭЛЕКТРО́НИКА – жа­рым өткөргүч элементтерине негизделген элек­троника. Жарым өткөргүчтүү электроника жарым өткөргүч приборлордо өтүүчү процесстерди изилдейт, ошондой эле ар кыл жарым өткөргүч приборлорду, түзүлүштөрдү ку­руунун теориясын ж-а тажрыйбасын камтыйт. Жарым өткөргүчтүү электрониканын приборлору, түзүлүштөрү турмуш­тун ар кыл чөйрөсүндө (өндүрүштө, байланыш­та, космос аппараттарында, турмуш тиричилик­те ж. б.) абдан кеңири жайылды. Чоң интеграл­дык схемалар (чиптер), микропроцессор сыяк­туу учурда чыгарылып жаткан көпчүлүк түрдүү аппараттардын, механизмдердин, приборлордун негизги куруучу элементтери катары колдону­лат. Азыркы микроэлектроникадагы, компью­тер техникасындагы жетишкендиктер, глобал­дык интернет тармагынын кеңири таралышы, сигналдарды экилик санарип түрүндө кабыл алуу ж-а таратуу коомго маалымат революциясын алып келди.