ЖАРЫМ ӨТКӨРГҮЧТӨР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАРЫМ ӨТКӨРГҮЧТӨР – электр өткөрүүсү металлдыкынан (106–104 Ом–1см–1) аз ж-а диэ­лектриктен (10–8 – 10–12Ом-1см–1) чоң болгон зат­тар. Металлдан айырмаланып, температура көтө­рүлгөндө электр өткөргүчтүгү жогорулайт, тес­керисинче, төмөнкү температурада азаят. Электр өткөргүчтүгүнө температурадан башка жарык, электр талаасы, бөлүкчөлөрдүн агым ылдамдыгы ж. б. таасир этет. Жарым өткөргүчтөр кристалл, аморфтук ж-а суюк заттардан туруп, аларга Ge, Si ж. б. кирет. Элек­трондор ж-а көңдөйчөлөр заряд алып жүрүүчү болуп эсептелет. Идеалдуу кристаллда алар түгөйлөш жүрүп, концентрациясы бирдей болот. Ал эми реалдуу кристаллда электрондор м-н көң­дөйчөлөрдүн концентрациясынын тең салмактуулу­гу бузулушу мүмкүн, бул учурда өткөрүмдүүлүк алып жүргүчтүн бир гана тиби (электрон же көңдөйчө) м-н ишке ашырылат. Эгер кристал­лдын кандайдыр бир зонасы электронго толуп, ал эми экинчиси таптакыр бош ж-а чоң тоско­ол кеңдигине ээ болсо анда ал диэлектрик бо­лот. Температура Т=0 болгондо чала толгон зонала­ры жок ж-а тоскоол зонасы диэлектриктики­нен кууш кристаллдар жарым өткөргүчтөр деп аталат. Жарым өткөргүчтөр таза (элементардык) ж-а аралашмалуу болуп экиге бөлүнүшөт. Таза жарым өткөргүчтөрдү түзүүчү 12 эле­менттин ар бири монокристаллдарды түзүшөт. Алар Менделеевдин таблицасынын III тобунан Бор (5В); IV топтон: 6С, 14Si, 32Ge, 50Sn; V топтон 15Р, 32As, 51Sb; VI топтон 16S, 34Se, 53Tl; VII топ­тон 53J. Аралашма жарым өткөргүчтөргө жогоруда каралган Жарым өткөргүчтөрдүн аралашмалары, алардын Жарым өткөргүчтөргө кир­беген элементтер м-н болгон аралашмалары, ошондой эле органикалык заттардын аралашмаларын да кам­тыган өтө көп түрлөрү кирет. Негизинен 2 тип­теги аралашма жарым өткөргүчтөр кездешет. Эгерде таза жарым өткөргүчтөргө валенттүүлүгү жогору болгон элементтер (до­норлор) кошулса, анда n тибиндеги жарым өткөргүчтөрдү ала­быз. Жарым өткөргүчтүү материалга (мисалы, крем­ний, германий монокристаллдары ж. б.) кошун­ду атомдордон бир аз кошуп, өткөрүмдүүлүктү жогорулатууга болот. Бул учурда көңдөйчөгө ка­раганда электрондору көп n тибиндеги же элек­тронго караганда көңдөйчөсү көп р тибиндеги жарым өткөргүчтөр пайда болот. Качан гана n ж-а р тибинде­ги материалдар биригип, р–n өткөөлү түзүлгөндө электр тосмосу пайда болуп, токту бир багытка жакшы, ал эми экинчи багытка начар өткө­рөт. Жарым өткөргүчтөр электр, радио, жарык ж-а жылуулук техникасында, автоматикада, прибор курууда ж. б. техникалык тармактарда кеңири колдонулат.