ЖАРЫМ ӨТКӨРГҮЧ ПРИБОРЛОР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАРЫМ ӨТКӨРГҮЧ ПРИБОРЛОР (алеттер) – жарым өткөргүчтөрдүн касиеттерине негизде­лип жасалган электрондук приборлордун (алет­тердин) жалпы аты. Жарым өткөргүч приборлорго варисторлор, жа­рым өткөргүчтүү диоддор, транзисторлор, фото­резисторлор, фотодиоддор, фотоэлементтер ж. у. с. кирет. Ал электрдик термелүүлөрдү пайда кылуу, күчөтүү ж-а кайра өзгөртүү (диод, тран­зистор, тиристор), бир сигналды башка сигнал­га (фоторезистор, фотодиод, фототранзистор ж. б.) ж-а энергияны бир түрдөн башка түргө (термоэлемент, термоэлектрдик генератор, күн батареясы ж. б.) өзгөртүү, ошондой эле электрдик ж-а механикалык чоңдуктарды өлчөө үчүн колдонулат. Жарым өткөргүч приборлор электр вакуумдук приборлорго салыш­тырганда компакттуу, талап кылынган кубат­туулугу ж-а массасы аз; бышыктыгы, иштөө мөөнөтү ж-а ишенимдүүлүгү жогору. Жарым өткөргүчтүү интегралдык микросхемалар жарым өткөргүч приборлордун өзгөчө классын түзөт. Интегралдык мик­росхема (чип) – толук жеткиликтүү электрон­дук чынжыр. Азыркы кездеги компьютерлердин аппарат бөлүктөрү ар кандай микропроцессор­дук чиптердин негизинде куралган.