ЖАРЫЯЛОО
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖАРЫЯЛОО , п у б л и к а ц и я (латынча publico – эл алдында жарыялоо) – басма сөз, телекөрсөтүү, радио уктуруу, маалымат агенттиги жана башка каражаттардын жардамы менен окуя, көрүнүш, жаңылыктардын таркатылышы. Басма ишинде – мезгилдүү эмес жыйнак, адабий чыгарма же сериялуу басылма; гезит-журналдарда материалдарды басып чыгаруу процесси. «Жарыялоо» термини эл арасында басма сөз же башка маалымат куралдарынын (мисалы, үн жазуу жана башкалар) көчүрмөлөрүн сатуу жана таркатуу иши менен да байланыштырылган.