ЖАР-БАШЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАР-БАШЫ – Ош облусунун Чоң Алай районунда­гы кыштак. Чоң Алай айыл округуна караш­туу. Алай өрөөнүндө, деңиз деңгээлинен 2440 м бийик­те жайгашкан. Райондун борбору Дароот-Кор­гон кыштагынан 8 км. Ош темир жол бекетинен 358 км. Кыштак 1912-жылы негизделген. Калкы 2960 (2022); негизинен мал чарбасы м-н алектенет. Орто мек­теп, китепкана, клуб, ФАП бар.