ЖАР-КОРГОН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖАР-КОРГОН (1960-жылга чейин Улуу-Катын) – Ош облусунун Ноокат районундагы кыштак. Н. Исанов атындагы айыл округуна караштуу. Жар-Коргон суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1480 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Ноокат шаарынан 29 км чыгыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 69 км. Кыштак 1800-жылы негизделген. Калкы 4380 (2022); негизинен тамекичиликте эмгектенип, мал чарбасы м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана бар.