ЖАР-КЫШТАК (Сузак районундагы кыштак)
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖАР-КЫШТАК – Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы кыштак. Барпы айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 770 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Сузак кыштагынан 15 км чыгыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 22 км. Калкы 1046 (2007); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Кыштакта белгилүү чабан, СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Д. Чойбеков туулган.