ЖАР-ООЗ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАР-ООЗ – Ош облусунун Кара-Суу районундагы кыштак. Кашкар-Кыштак айыл округуна ка­раштуу. Деңиз деңгээлинен 990 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору ж-а темир жол бекети Кара-Суу шаарынан 30 км түштүк-чыгыш тарапта. Кыштак 1951-жылы негизделген. Калкы 3472 (2022); неги­зинен дыйканчылыкта эмгектенип, мал чарба­сы м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана бар. Үй-бүлөлүк врачтар тобу, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, мончо, тегирмен, соо­да түйүндөрү иштейт.