ЖАСАЛГАЛОО ИШТЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАСАЛГАЛОО ИШТЕРИ (курулушта) – пай­далануу жана кооздук сапаттарын жогорулатуу үчүн имараттардын жана курулуштардын ичи-­тышын жасалгалоо менен байланышкан курулуш жумуштары. Жасалгалоо иштери курулуштун акыркы этабы болуп саналат жана анын баалуулугу сапаттуу бүткөрүлүшүнө жараша болот. Негизги жасалгалоо иштерине имараттын бетин шыбоо, кооздоо, алдын так­тайлоо, сырдоо, туштук кагаз (обои) чаптоо, ай­нектөө жумуштары кирет. Акыркы учурда ку­рулуш аянттарына даяр түрүндө жеткирилип, чогултулуучу ири өлчөмдөгү конструкциялар жана заводдо жасалуучу тетиктер (үстүн жапкыч жана ду­бал панелдери, санитардык-техникалык кабиналар, терезе жана эшик блоктору) кеңири колдонула баштады. Булар жасалгалоо иштеринин жалпы көлөмүн азайтат. Курулуш объектилеринде жасалгалоо иштеринин көлөмүн бир топ азайтуучу, ишти тездетүүчү жана жеңилдетүүчү механикалаштырылган ар кандай каражаттар (шыбоочу жана сырдоочу кыймылдуу станция­лар, полимер материалдардан пол салуучу агре­гаттар, жылчык бүтөөчү аппараттар, жылма­лоочу жана сүрүүчү машиналар, термелгич насос­тор жана башкалар) колдонулат. Азыркы курулуштарда негизги жасалгалоо иштерине – жасалгалоочу эритмелер жана бетондор, жаратылыш жана жасалма таш мате­риалдары, жасалгалоочу карапа, жыгач мате­риалдар менен буюмдар, кагаз, айнек, пластмас­са, металл, лак-сырлар кирет. Жасалгалоо иштери. эмгекти өтө көп талап кылган майда жумуш жана куру­луш-монтаждоо ишиндеги эмгек чыгымдарынын 35%га чейинин түзөт.