ЖАСАЛМА БУЛГААРЫ
ЖАСАЛМА БУЛГААРЫ – ар түрдүү кийим, галантерея жана техникалык буюмдарды жасоодо табигый булгаарынын ордуна колдонулуучу полимер материал. Жасалма булгаарынын төмөнкүдөй түрлөрү чыгарылат: жумшак, бут кийим резиналары, галантерея жана бут кийим картону. Бут кийим резиналары негизинен бутадиен-стирол каучугунан алынып, бут кийимдин такасын, таманын жана башкаларды жасоодо колдонулат. Бут кийим жана галантерея картону булалуу материалдан алынат. Негизги сырьё катары целлюлоза, кебез булалар, табигый булгаарынын майдаланган калдыктары пайдаланылат. Жумшак жасалма булгаары кездеме, согулган материал, кагаз, түрдүү булаларды резина желими же латекс, поливинилхлорид пастасы, полиамид жана башка плёнка пайда кылуучу заттар менен иштетүүдөн алынат.
