ЖАСАЛМА БӨЙРӨК
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖАСАЛМА БӨЙРӨК , г е м о д и а л и з ат о р – бөйрөктүн кызматын аткаруучу аппарат. Ж. б. организмди алмашуу продуктусунан бошотот, бөйрөктүн катуу кармаган ж-а өнөкөт кемтигиндеги физиол. процесстерди жөнгө салат, о. эле ууланганда уу заттарды, ал эми дене шишип кеткенде, ашык сууну бөлүп чыгарат. 1913-ж. амер. илимпоз Ж. Абель диализ үчүн түзгөн аппараттын негизинде 1944-ж. голланд илимпозу В. Колф Ж. б. аппаратын жасап, биринчи жолу колдонгон. Гемодиализде (Ж. б. иштегенде) оорулуунун каны төмөнкү көңдөй венадан сордуруп алынып, диализдөөчү эритмелер м-н жарым-жартылай тазалангандан кийин, сырткы веналардын бирине кайра куюлат. Ж. б. Кырг-нда 1963-жылдан атайын адистешкен жайларда колдонулат.