ЖАСАЛМА ЖИБЕК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАСАЛМА ЖИБЕК – химиялык жол менен алынган була. Химиялык булалар жасалма (айнек, вискоза, ацетат буласы) жана синтездик (капрон, лавсан жана башкалар) болуп айырмаланат. Алгачкы целлюлоза­дан жасалган буланы англиялык химик Кросс 1892-жылы алган. Ал вискозалуу жана ацетаттуу болуп бө­лүнөт. Экөө тең табигый целлюлозадан, негизи­нен жыгачтан же пахта тыбытынан өндүрүлөт. Синтездик була сыяктуу эле жасалма жибек ар кандай жоондукта, кыска же штапелдүү була, ошондой эле узун кездеме жиби түрүндө даярдалат. Жаңы синтез­дик булалар пайда болсо дагы, жасалма жибек азыркы убакытка чейин текстиль өнөр жайында колдонулууда.