ЖАСАЛМА КАН АЙЛАНДЫРУУ
ЖАСАЛМА КАН АЙЛАНДЫРУУ – оорулуу адамга же тажрыйба жасалуучу жаныбарга аппараттын жардамы м-н кан агымын жүргүзүү. Жасалма кан айландырууну бүт денеге же айрым мүчөгө (мисалы, колго же бутка) жасаса болот. Жасалма кан айландыруу аппаратын 1-жолу советтик илимпоз С. С. Брюхоненко 1925-жылы түзгөн. 50–60-жылдарда көкүрөк хирургиясынын жетишкендиги ж-а канды уютпоочу материалдын пайда болушу жасалма кан айландыруучу аппаратты чыгарууга мүмкүнчүлүк берген. Жүрөктү алмаштыруучу соргучу, өпкөнү алмаштыруучу оксигенатору бар азыркы аппаратты колдонуу м-н, жүрөктүн тубаса ж-а кийин пайда болгон кемтигин дарылоо, ири кан тамырлар, жүрөк капкаларын алмаштыруу операцияларын жасоого мүмкүнчүлүк болду. Бул операцияны жасоодо жүрөк убактылуу кан агымынан ажыратылат. Оорулуунун вена каны соргуч менен сордурулуп, түтүк аркылуу жасалма кан айландыруу аппаратынын оксигенераторунан өткөндө кычкыл тек менен байытылып, оорулуу оорулуунун денесине кайра келет. Аппарат оорулуунун денесиндеги кан айланууну операция жасалып бүткөнчө бир калыпта кармап турат. Операция бүткөндөн кийин аппарат токтотулат, жүрөк өзү иштеп, кан агымы өз калыбына келет. Кыргызстанда биринчи жолу жасалма кан алмаштыруу аппаратын 1967-жылы И. К Ахунбаев ж-а Б. И. Бураковский жүрөккө операция жасоодо колдонушкан. Аны терапиялык клиникада жүрөк оорусун дарылоодо убактылуу, жарым-жартылай жүрөктүн жүгүн азайтуу үчүн пайдаланууга болот. Бул учурда оорулуунун кан тамырына аппарат туташтырылып, кишинин жүрөгү м-н бир убакта иштеп, анын ишин жеңилдетет да, жүрөктүн эс алышына мүмкүнчүлүк түзөт. Айрым мүчөлөргө (мисалы, колго, бутка) куюлуучу дары-дармек жалпы организмге тескери таасир тийгизе турган болсо, жасалма кан айландыруу колдонулат. Оорулуунун бутунун кан агымын жалпы кан айлануудан бөлүп, аппаратты буттун кан тамырынын нугуна кошот да, керектүү дарыны куят. Дарылоо бүткөндөн кийин аппаратты алып таштайт, кан агымы өз ордуна келет.