ЖАСАЛМА ТИЛДЕР
ЖАСАЛМА ТИЛДЕР – табигый тилдерден айырмаланган, ар кайсы тилдердин элементтеринен же белгилүү система боюнча жаңыдан түзүлгөн атайын тил. Грамматикасы, сөздүк курамы шарттуу, жасалма түрдө түзүлөт. Жасалма тилдер табигый тилдердин кээ бир милдеттерин аткарат, башкача айтканда атайын максаттар үчүн, мисалы, маалымат иштеринде (маалыматты ЭВМдин, башкача айтканда программалоо жана машина тилдеринин жардамы менен иштеп чыгууда, эл аралык жасалма тилдерди түзүүдө ж. б.) пайдаланылат. Эл аралык жасалма тилдердин түзүлүшү 17– 18-кылымдарда башталган. Алардын чыгышына латын тилинин эл аралык маанисинин төмөндөшү түрткү берген. Бүткүл дүйнөнүн адамдарына түшүнүктүү жана оңой үйрөнүлүүчү эл аралык жасалма тилдердин долбоорун түзүү аракеттери көп болгон. Адегенде жасалма тилдердин долбоору ойдон чыгарылса, кийинчерээк тирүү тилдердин негизинде түзүлгөн. Жасалма тилдердин биринчи долбоорун (волапюк) 1880-жылы немис тилчиси И. Шлейер түзгөн. Жасалма тилдердин кеңири таралганы – эсперанто. Анын көп өлкөлөрдө активдүү жактоочулары, котормолору, көркөм чыгармалары бар. Жасалма тилдердин белгилүүлөрү: о к ц и д е н т а л ь (интерлингва) 1922-жылы эстон тилчиси В. Валем, н о в и а л ь 1928-жылы даниялык О. Есперсен, и н т е р л и н г в а 1903-жылы италиялык математик Ж. Пеано тарабынан түзүлгөн. Жасалма тилдер структураларына жараша төмөнкү топторго бөлүнөт: 1) априордук тилдер – логикалык же эмпириялык түшүнүктөрдө түзүлгөнү (ро, сольресоль); 2) аралаш тилдер – ар түрдүү тилдерден алынган сөздөрдө түзүлгөнү (волапюк); 3) интернационалдык лексикалардын негизинде түзүлгөн тилдер (эсперанто, идо, интерлингва).