ЖАСМИН
ЖАСМИ́Н – өсүмдүктөрдүн гидрангиялар тукумундагы кооз бадал. Ал экиге бөлүнөт: 1) б а к жасминдин (Philadelphus) жалбырагы тушташ жайгашкан, бүтүн кырдуу, гүлү ак же боз, жыттуу. Евразия м-н Түштүк Американын мелүүн алкактарында 75; 3–4 түрү (Кавказ ж-а Ыраакы Чыгышта) өсөт. Кооз өсүмдүк катары ири гүлдүү жасмин, жыттуу жасмин, ошондой эле гибрид сорттору (Лавина, Монблан, Глетчер ж. б.) өстүрүлөт; 2) к а д и м к и жасмин (Jasminum) – жалбырагын күбүмө же дайыма жашыл бадал же лиана. Гүлү ак, сары же кызгылт, жыттуу. Тропик ж-а субтропик зонада 300дөй түрү белгилүү. КМШ өлкөлөрүндө 3 түрү Крым, Кавказ, Орто Азияда өсөт. Ири гүлдүү жасмин м-н жыттуу жасминдин гүлүнөн эфир майы алынып, атыр жасоодо пайдаланылат. Индия жасмини – дайыма жашыл лиана өсүмдүгү, кооздук үчүн үйдө өстүрүлөт.