ЖАСМЫК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАСМЫК (Ervum L.) – өсүмдүктөрдүн чанак­туулар тукумундагы бир жылдык чөп. Жапайы ж-а эгилме 10дой түрү белгилүү. КМШ өлкө­лөрүндө 3 түрү (Закавказье, Орто Азияда) өсөт. Жасмыктын сабагы ичке, түз, бийиктиги 25–30 см, та­таал жалбырактуу, гүлү майда, ак, көк, кыз­гылт түстө. Мөмөсү – сагак, 2–3 уруктуу. Буур­чактан айырмасы жылуу жерде жакшы өсөт. Үрөнү 4–5°С жылуулукта өнүп чыгат. Вегета­ция мезгили 65–105 күн. Кургакчылыкка ба­йымдуу. Данында 32% белок, 2% май, 2,5–5% клетчатка бар. Данынан кулинарияда, колба­са, консерва өнөр жайында колдонулуучу акшак, ун даярдалат. Саманы м-н тыпыны – баалуу кон­центраттуу тоют. Жасмык Кытай, Индия, Түркияда, Латын Америкасында, Түндүк Африкада ж. б. өстүрүлөт. КМШ өлкөлөрүндө кара топураксыз зонада, Волга бою, Украина, Казакстан, Орто Азия ж-а Закавказьеде эгилет. Жасмыктын 10дон ашык сорту райондоштурулган. Илдеттери: бакте­риоз, фузариоз, аскохитоз, дат ж. б. Зыянкеч­тери: шалбаа көпөлөгү, Жасмык данчысы ж. б.