ЖАСООЛ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАСООЛ (түрк, ясаул, йасаул – башчы) – түз мааниде кароол башчысы. Кийинчерээк мамле­кет башчыларынын буйрук, чечимдерин атка­рып, улук, акимдерди жандап жүргөн адамды да жасоол деп аташкан. Падышалык Россияда ас­кердик наам катары (есаул) 1576-жылдан ка­был алынган. Колония саясатында жергиликтүү бий­ликти чыңдоо үчүн жасоол кызматы Октябрь рев­ясына чейин пайдаланылган. Мисалы, Кыргызстанда жасоол уезд башчысы, же болуш чабарманы кызма­тын аткарган.