ЖАТАКЧЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАТАКЧЫ – көчмөн кыргыз жамаатында дый­канчылык м-н кесиптенген адамдар, малы жо­гунан жайында жайлоого көчө албай, жакада калган кедейлер тобу. 19-к-дын экинчи жары­мында кыргыздар Россиянын курамына кошул­гандан кийинки коомдук-экон. өзгөрүүлөрдүн на­тыйжасында (патриархалдык-феодалдык мами­лелердин ыдырашы, элдин жакырданышы ж. б.) пайда болгон. Малчылык м-н күн көрүүгө мүм­күнчүлүктөрү жоктугунан Ж-лар адегенде дый­канчылык м-н оокат кылууга, кийинчерээк оту­рукташууга өтө баштаган. Алар өз жерин гана иштетпестен, уруулаш бай туугандарынын да жерин кароого милдеттүү болгон. Бир нече үй­бүлө чогуу калып, өзүнчө «жатакчылар айы­лын» түзүшкөн. Ж-лар айдалган эгинди карап, сугарып, отошкон, чөбүн чабышкан. Өз эмгек­тери үчүн Ж-лар саан уй, күч же унаа алып ка­лышкан. Жерди буурсун м-н айдашкан, таруу, буудай, арпа себишкен. Жайлоодон түшкөндөр Ж-ларга айран, курут, сүзмө ала келишкен. Ж-лык жер иштетүүчү эмгек куралдарынын жө­нөкөйлүгүнө, азыктын аздыгына карабастан, кыргыз элинин экон. турмушуна кире баштаган. Алар өзүнчө социалдык катмарды түзүү м-н айылдык көчмөн жамаатынын бузулушуна түрткү берген. Совет бийлиги орногондон кийин коомдук-экон. кайра куруулар, кыргыз элинин көчмөн ж-а жарым көчмөн турмуштан отурук­ташууга өтүшү Ж-лыктын жоюлушуна алып келген.