ЖАТАН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖАТАН – Ош облусунун Ноокат районундагы кыштак. Т. Зулпуев атындагы айыл округуна караштуу. Кыр-кол суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1250 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Ноокат шаарынан 5 км түндүк-чыгыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 35 км. Калкы 2471 (2022); негизинен дыйканчылыкта эмгектенип, мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана бар. ФАП иштейт.