ЖАТАН (ЯТАН) КҮРӨҢ КӨМҮР КЕНИ
ЖАТАН (ЯТАН) КҮРӨҢ КӨМҮР КЕНИ Хошчан (Кыркол) суусунун оң жээгинде, Жалгыз- Арча кырка тоосунун түштүк капталында, Ош облусунун Ноокат районунда жайгашкан. Кен 1902- жылдан белгилүү, издөө ж-а чалгындоо иштери 1934-жылдан 1987-жылга чейин мезгил-мезгили м-н жүргүзүлгөн. Көмүр кабаттары юра катмары м-н байланышкан. Кендин негизги түзүлүшү – жантайып жаткан синклиналдык бүктөм. Көмүрлүү катмарда 3 кабат бөлүнгөн, анын ичинен төмөнкү «Негизги» деп аталган татаал түзүлүштөгү кабат өнөр жайлык мааниге ээ. Анын жалпы калыңдыгы 1,73 мден 31,11 мге чейин өзгөрөт. Сапаты боюнча кендин көмүрү күрөң көмүр маркасына таандык. Көмүрдүн орточо күлдүүлүгү 21,35%, күйүү жылуулугу 27,53 МДж/кг (6578 ккал/кг). Ачык казып алуу запасы – 1286 миң т, жер алдынан казып алуу запасы – 15450 миң т, бардыгы С1 ж-а С2 категориясы боюнча 16736 миң т.