ЖАТЫН МОЮНЧАСЫНЫН ЭРОЗИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАТЫН МОЮНЧАСЫНЫН ЭРОЗИЯСЫ – жа­тын моюнчасынын кын бөлүгүн каптаган эпи­телийдин бузулушунан болгон ачык кызыл түстөгү жара. Жыныс органдарынын (жатын моюнчасынын, жатын кошумчаларынын ж. б.) сезгенүүсүнөн да болот. Ал төрөттө, бойдон ал­дырганда жатын моюнчасынын былжыр чели тытылып калганда, о. эле гормондук бузулууда болушу мүмкүн. Былжыр челдин бузулган жери жатын каналынан чыккан цилиндр сымал эпи­телий м-н капталып, мында эрозия безчелери пайда болот. Эрозия безчелери такай секрет бөлүп турат, ал жаңы пайда болгон эпителий­ди сыйрып түшүрүп, жаралантат, көп учурда канайт. Ал көпкө (айлап, жылдап) билинбей, аял көпкө дарыланбай жүрө берсе, рак оорусу­на өтүп кетет. Ошондуктан аялдар алдын ала кароодон өтүп, жылына 2 жолу врач-гинекологго көрүнүп турушу зарыл. Жыныс органдарынын сезгенүү ооруларын, төрөттө ж-а бойдон алдыр­ганда болгон жатын моюнчасынын айрыгын өз убагында дарылоонун мааниси чоң.