ЖАШТЫК
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖАШТЫК , Ц е н т р а л ь н ы й – Баткен облусунун Лейлек районундагы кыштак. Жаңы-Жер айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 550 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Исфана шаарынан 77 км түн.-чыгыш тарапта. Ленинабад шаарындагы Гафуров (Тажикстан) темир жол бекетинен 15 км. Кыштак 1983-жылы негизделген. Калкы 7314 (2022); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Гимназия, китепкана, клуб бар. Үй-бүлөлүк врачтар тобу, мончо, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү иштейт.