ЖАШЫЛДАНДЫРУУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖАШЫЛДАНДЫРУУ – калктын жашоо шартын жакшыртуу максатында бак-дарак тигүүгө, пайдаланууга багытталган чаралар системасы; респ-нын бүткүл ландшафтын кайрадан түзүү маселесинин бөлүгү. Мында калктын турмуштиричилиги үчүн табият шартын, ыңгайсыз, начар жерлердин ландшафтын байытуу иши жүргүзүлөт. Ж-нун санит.-гигиеналык, инж.- тех., өрткө каршы ж-а эстетикалык зор мааниси бар. Бак-дарак микроклиматты жакшыртып, калк жашоочу жердин абасын, чаң, газ сыяктуулардан тазалайт (жалбырагы, сөңгөгү ж-а бутагы м-н тосот), жолдор м-н элдүү аймактарды чаңдан, шамалдан ж-а күрткүдөн коргойт, санит.-гигиеналык шартын жакшыртат. Ж-нун өндүрүштүк базасын түзүү үчүн шаардын чет-жакасына питомник ж-а гүл өстүрүүчү чарба жайгаштырылат.