ЖАШЫЛЧАЛАР
ЖАШЫЛЧАЛАР — ширелүү бөлүгү тамак-ашка пай дал анылу у чу эгил м е же таб игый чө п өсүмдүктөр. Ж-дын 620 түрү (78 тукумга кирет), КМШ өлкөлөрүндө 60 түрү бар. Анын теңи эгилме, калгандары табигый түрдө пайдаланылат. Ж-дын курамында эң көп витамин, белок, май ж-а углевод азык заттары, орг. к-та, минерал заттар бар. Тамак-ашка сабак, жалбырак, жалбырак сабы, кочаны (капуста, шибит, мангольд ж. б.), азык тамыры (сабиз, аш кызылчасы, чамгыр, түрп, шалгам ж. б.), пияз түбү (пияз, сарымсак ж. б.) ж. б. пайдаланылат. Ж-дын бир-эки ж-а көп жылдык түрлөрү бар. Бир жылдык Ж-дын (чанактуулар, ашкабак уруусундагы өсүмдүктөр, шалгам ж. б.) өсүү цикли эгилген жылы эле аяктайт. Эки жылдык Ж-да (пияз, сарымсак, тамыры азык өсүмдүктөрдүн шалгамдан башкасы, капустанын түстүү ж-а пекин капустасынан башкасы ж. б.) 1-жылы тамак-ашка пайдаланылуучу бөлүктөрү, 2-жы-

лы уругу пайда болот. Көп жылдык Ж. – ышкын, козу кулак, эстрагон ж. б. Ж-дын көбү жылуу жерде, нымдуу, күрдүү топуракта жакшы өсөт.