ЖАШЫЛ-КӨЛ (Лейлек районундагы көл)
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖАШЫЛ-КӨЛ – Түркстан кырка тоосунун түндүк капталындагы чакан көл. Лейлек районунун аймагында. Ак-Суунун алабында жайгашкан. Ай-Көлдөн 3–4 км түндүк-батыш тарапта. Аянты 0,18 км2. Деңиз деңгээлинен бийиктиги 2600 м. Көл чанагы өрөөндүн чөгүп кетишинен пайда болгон. Көлгө майда өзөндөр куюп, андан агып чыккан суу Ак-Сууга кошулат.