ЖАШЫЛ-КӨЛ (тоо көлү)
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖАШЫЛ-КӨЛ – Иле Ала-Тоосунун түштүк капталындагы тоо көлү. Чоң Кемин өрөөнүнүн төрүндө, деңиз деңгээлинен 3121 м бийикте жайгашкан. Аянты 0,27 км2. Көл өтө кооз, анын чанагы байыркы зор көчкүнүн өрөөндү бөгөп калышынан пайда болгон. Көл мөңгү, жаан-чачын, кар суулары м-н толукталып, андан Жашыл-Көл суусу агып чыгат да, Чоң Кемин суусуна куят.