ЖАШЫЛ БАЛЫРЛАР
ЖАШЫЛ БАЛЫРЛАР (Chlorophyta) – клеткаларында хлорофилли көп жашыл түстөгү жөнөкөй түзүлүштүү өсүмдүктөр. Алар бир же көп клеткалуу болушат, жип сымал же жалпак жалбырак түрүндөгү талломдорду пайда кылат. Жашыл балырлар клеткаларынын ж-а талломдорунун түзүлүшү боюнча ар түрдүү. Мисалы, бир клеткалуу балырлар тегерек, орок сымал же ийиктей болот.

Клеткаларында эки шапалагы бар, бирок жагымсыз шартта шапалактарын жоготуп, былжыр бөлүп чыгарат да, бөлүнүүсүн уланта берет. Жашыл балырлар жыныссыз (бөлүнүү), жыныстык ж-а вегетациялык жол м-н көбөйөт. 5 класска (вольвокстор, хлорококктор, улотрикстер, сифондор, коньюгаттар) кирген 400дөй уруусунун 20 миңге жакын түрү белгилүү. Алардын өкүлдөрү Кыргызстандын сууларында көп кездешет. Көбүнчө тузсуз сууларда ж-а деңизде өсөт. Бир клеткалуу ж-а колониялуу, айрым жашыл балырлар топуракта, дарак сөңгөгүндө эпифит ж-а симбионт түрүндө учурайт. Алар башка жашыл өсүмдүктөрдөй эле өз денесинде органикалык зат пайда кылып, суудагы көмүр кычкыл газын сиңирип, кычкылтекти бөлүп чыгарат. Жашыл балырлар – балык ж. б. суу жаныбарларына азык. Андан тоют, тамак-аш, жер семирткич даярдалат, к. Балырлар.