ЖАШЫНМАК
ЖАШЫНМАК – балдар оюну. Саны чектелбестен, бир топ бала ойнойт. Тутум кармашуу боюнча издөөч болуп калганы эч жакты карабай, эки колу м-н көзүн басып, макулдашууга жараша 20дан 50гө чейин санайт. Ушул учурда башка балдар туш келди жерге жашынат. Издөөч турган жер «чөк» деп аталат. Издөөч чөктөн анча алыстап кетпей жашынгандарды издей баштайт. Издөөчтү алаксытуу, жаңылдыруу максатында жашынгандар бир бияктан, бир тыяктан алыста өңдөнгөн үн м-н «күкүк» же «зейнеп» деп алаксытат. Издөөч кимди биринчи таап алса, ошол табылган бала издөөч болот. Эгер жашынган балдардын улам бирөө капысынан же жашырынып келип издөөчтөн мурда чөктү ээлеп калса, издөөч андан кийинки оюнга да издөөч болуп кала берет. Бул оюн балдарды эптүүлүккө, кыраакылыкка, байкагычтыкка, шамдагайлыкка машыктырат.