ЖАШЫРУУН МЕЗГИЛ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАШЫРУУН МЕЗГИЛ , и н к у б а ц и я л ы к м е з г и л – денеге жугуштуу оорунун козгогучу киргенден баштап, дарттын алгачкы белгиси би­лингенге чейинки убакыт. Ар түрдүү оорунун жашыруун мезгилинин узактыгы ар башка (бир нече ай, жыл). Ошондой эле анын мөөнөтү микробдун санына, күчүнө, организмдин каршылык көрсөтүүсүнө, инфек­циянын кирүү жолуна байланыштуу өзгөрөт. Кээ бир жугуштуу ооруларда (кызылча, кептөөр ж. б.) бул мезгилде айлана-чөйрөгө козгогуч­тарды бөлүп чыгарып, коркунучтуу. Айрым жу­гуштуу оорулардын козгогучу жашыруун мезгилдин аягын­да бөлүнүп чыгат. Ар бир оорунун жашыруун мезгилинин өзгөчөлүгүн билүү чоң мааниге ээ. Анын узак­тыгына жараша оорулуу м-н бирге болгон ки­шини бөлүү ж-а карантиндин мөөнөтү аныкта­лат, эпидемияга каршы башка чаралар көрүлөт.