ЖАШЫТУУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАШЫТУУ – чыңалган металлдын (мисалы, бо­лоттун) түзүлүшүн өзгөртүү үчүн ар кандай температу­ра менен да иштетүү. Жашытуу процесси төмөндөгүдөй жүрөт: металл кандайдыр бир температурага чейин ысытылып, белгилүү бир убакытка чейин кар­малат да, андан кийин муздатылат. Жашытуунун на­тыйжасында металл каалагандай механикалык касиет­ке ээ болуп, ички чыңалуусу жоюлат. Жашытуунун бир нече түрү болот: 500–560°Сге чейин ысытылса, жогорку температуралык жашытуу деп аталып, машина курууга керектелүүчү тетиктер же аспаптык бо­лоттор үчүн колдонулат; 150–250°Сде жашытуу – це­менттелген, циандалган көмүртектүү жана легир­ленген болотто ички чыңалууларды азайтуу мак­сатын көздөйт; 350–475°Сде жашытуу – пружина жа­соодо пайдаланылат. Бир нече ирет жашытуу менен курч болоттон аспаптык болот алынат.