ЖАШ ТҮРКТӨР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖАШ ТҮРКТӨР – 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башында Түркиядагы (Осмон империясында) революциячыл кыймылдын катышуучулары; султан бийлигин конституциялык түзүлүш м-н алмаштыруу максатын көздөгөн; тар мааниде алганда Жаш түрктөр революциясына (1908) жетекчилик кылган «Биригүү жана прогресс» уюмунун мүчөлөрү.