ЖАШ ТҮРКТӨР РЕВОЛЮЦИЯСЫ
ЖАШ ТҮРКТӨР РЕВОЛЮЦИЯСЫ (1908) – Түркиядагы Абдул-Хамид IIнин өкүмдар тартибине каршы багытталган революция. Султан Абдул- Хамид IIнин бийлигин кулатуу, конституциялык түзүлүш орнотуу максатын көздөгөн. Империалисттик державалардын 19-кылымдындын аягы – 20-кылымдын башында Осмон империясын жарым көз карандылыкка айландырышы, султан Абдул-Хамид IIнин катаал сурагы элдин нааразылыгын күчөтүп, буржуазиялык интеллигенттерди, асыресе офицерлер чөйрөсүн кыжырланткан. Кыймылды «Биригүү жана прогресс» уюмунун мүчөлөрү башкарган. 1908-жылы 3-июлда майор Ниязинин, 6-июлда майор Энвердин колу көтөрүлүш чыгарып, 23-июлда бир катар шаарларды (Салоники, Биотль ж. б.) ээлеген. Өлкөдө 1876-жылдагы конституция калыбына келтирилип, Абдул-Хамид II парламентти чакырууга аргасыз болгон. Бирок 2-жолу бийликке келген Абдул- Хамидди кулатып (1909-жылы, 27-апрель), жаш түрктөр бийликке келишкен.
Ад.: Алиев Г. З. Турция в период правления младотурок. М., 1972.