ЖАЯН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЯН (Silurus glanis) – жаяндар тукумундагы балык. Жаяндын денеси жылаңач, кабырчыксыз, башы жалпак, көздөрү кичине. Түсү жашаган жерине жараша өзгөрүп турат. Жонунда кара тактары бар. Каспий деңизинде жашагандары­нын эң чоңунун дене узундугу 5 мге, салмагы 5 цге чейин болгон. Деңиз деңгээли жогорулаган са­йын жаян кичирейет. Орто Азияда жашаган балык­тардын эң чоңу.

Мындан көп жыл мурун Кас­пий, Арал деңиз­деринде, Сыр-Да­рыяда, Кара-Да­рыяда, Нарын ж-а Чүй дарыяларында ке­ңири таралган. Көбүнчө жай аккан, ылай эмес сууларда, сай­ларда жашайт. Алар – жырткыч, майда балык­тар, бакалар, суу канаттуулары м-н азыктанат. Жаян 4–5 жашында жыныстык жактан жетилип, 11–480 миңдей урук таштайт.