ЖАҢГАК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢГАК , г р е к ж а ң г а г ы (Juglans) – өсүмдүктөрдүн жаңгактар тукумундагы уруусу. Бийиктиги 5–50 мге чейин жеткен, жалбырагын күбүмө, бир үйлүү дарак. Шагынын диаметри 10–12 м. Май айында гүлдөп, мөмөсү сентябр­дын аягынан октябрга чейин бышат. Мөмөсү

Жаңгак: 1– аталык гүлү; 2 – энелик гүлү; 3 – мөмөлүү бутагы; 4 – мөмөсү (жаңгагы).

данектүү, тоголок же сүйрү. Анда май, белок, А, В1 витаминдери бар. Анын 20дай түрү көбүнчө Түндүк Европа, Чыгыш Азия, Түндүк ж-а Түштүк Аме­риканын мелүүн, субтропик, тропик алкакта­рында өсөт. КМШ өлкөлөрүндө 3 түрү негизи­нен тоодогу жазы жалбырактуу аралаш токой­лордо кезигет. Кыргызстанда Фергана ж-а Чаткал кырка тоолорунун түштүк-батыш беттеринде өнүп-­өсүүсү үчүн өзгөчө табигый чөйрөнү талап кылуу­чу торгой флорасынын калдыгы – дүйнөдөгү ири жаңгак токою өсөт. Аянты 35 миң га жерди ээлейт. Жаңгак мөмө дарагы катары, ошондой эле кооздук үчүн өстүрүлөт. Жыгачынан баалуу буюм, урук, ка­быгынан боёк, өңдөгүч зат алынат. Майы та­мак-ашка пайдаланылат, ошондой эле лак, самын жасоодо керектелет.