ЖАҢГАКТАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢГАКТАР (Juglandaceae) – эки үлүштүү өсүмдүктөрдүн тукуму. Дарак, чанда бадал. Жал­бырагы татаал, жыттуу, чайыр сымал зат бөлүп чыгарат. Сабакта кезектешип жайгашкан, гүлү желекчесиз, майда, сөйкө сымал топ гүлгө чо­гулган, шамал аркылуу чаңдашат. Мөмөсү – жаңгак же сөөкчө. Ж-дын 7–8 уруусу, 60 түрү мелүүн же субтропик алкактарда, тропик тоо­лорунда өсөт. КМШ өлкөлөрүндө 2 уруусу (жаң­гак ж-а лапина) бар. Жаңгак (грек жаңгагы, манжурия жаңгагы) ж-а кария урууларынын түрлөрүнүн чарбада мааниси чоң. Ж-дын мөмөсү желет, жыгачынан эмерек ж. б. буюмдар жа­салат. Кырг-нда 4 түрү (грек жаңгагы ж. б.) өсөт.