ЖАҢЫБАЕВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢЫБАЕВ Омор (1916, Ысык-Көл облусу, Түп району, Арал айылы – 29. 12. 1983, ошол эле жер) – педагог, советтик-партиялык кызматкер. Кыргызстан КП БКнын алдындагы республикалык партиялык мектепти (1951), Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтту


(1955) бүткөн. Арал айылы­на туңгуч башталгыч мек­тепти курган, кийин жата­каналуу орто мектептин курулушун бүткөрүп (1958), анда 30 жылдан ашуун ди­ректор, мугалим, партия­нын Жети-Өгүз райондук комитетинде инструктор (1948– 51), Талды-Суу райондук «Кол­хоз туусу» гезитинде жооп­туу редактор (1953–54) болуп иштеген. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында колхоздун парт­уюмунун секретары ж-а оокаттуу адам катары айылдагы жетим-жесир, жакыр адамдарга ма­териалдык жардам көрсөтүп турган. Ооруктагы эмгегинин зарылдыгынан улам согушка катыш­пай калгандыгына байланыштуу өз малын са­тып, Кызыл Армияга жардам катары самолёт курууга 40 миң сом жөнөткөндүгү үчүн 1943-жылы И. В. Сталинден алкыш кат алган. «1941–45-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн» медалы м-н сыйланган.

К. Жакыпова.